Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кара күчүнө таянган, күчтүү, балбан. Эси жок бала дардактап жоон билек болот (Сыдыкбеков). Жолборс моюн жоон билек, Жоругу калың таш жүрөк («Манас»). В.: Билеги жоон. Билеги жоон бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат (макал). Билеги жоон жаш жүрөк, Душманга салган чоң дүмөк («Манас»).